Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:17

АКШ президенти Таиландда


Жорж Буш бул жерге Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн келди. Ал эртең ачылуучу саммитте террорчулукка каршы күрөштө кызматташтыкты кеңейтүү маселесин көтөрөрү күтүлүүдө. Жекшемби күнү Жорж Буш Бангкокто кытай президенти Ху Цзиньтао менен кездешти. Эки лидер Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланышкан кризисти жөндөө үчүн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүү багытында аракеттенүүнү макулдашты. Пхеньянды өзөктүк курал программасын өнүктүрүүдөн айнытууну көздөгөн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасы быйыл августа Пекинде болуп, бирок натыйжасыз аяктаган. Ага Түндүк Корея менен АКШдан тышкары Кытай, Орусия, Жапония жана Түштүк Корея катышкан. Маалыматтарга караганда, Жорж Буш менен Ху Цзиньтао Бангкоктогу кездешүүсүндө экономикалык, анын ичинде кытай валютасы - юандын туруктуу алмашуу курсуна байланышкан маселени талкуулашкан. АКШ юандын долларга карата алмашуу курсу жасалма түрдө төмөндөтүлгөн, жана бул өз ара соодада Кытайга артыкчылык берүүдө деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG