Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Тажикстан орус аскерлеринин кетишин талап кылат


Президенттин аналитикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Сухраб Шарипов биздин радиого буларды билдирди:

– Мен тажик чек арасын тажик чек арачылары кайтарыш керек деген идеяны толугу менен колдойм. Бул Тажикстандын тышкы саясатына кайчы келбейт. Тажикстандын өз чек арасын өзү коргошун Орусия каалабайт.

Шарипов орус аскерлерин акырындык менен жана келишимдердин негизинде чыгаруу зарыл экендигин кошумчалады.
Ал эми тажик армиясынын жетекчилик кызматтагы генералы Нурашило Назаров "тажик чек арачылары тажик-ооган чек арасын көзөмөлдөөнү өз колуна алууга даяр" деп ырастады. Бул чек араны азыр 11 миң чакты орус, 3 миң тажик аскери кайтарып турат.

XS
SM
MD
LG