Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Анкара Иракка карата жаман ниети жок экендигин бышыктады


Түркиянын Ирактагы элчиси бул өлкөдө түрк аскерлерин жайгаштырууга ирактыктардын терс мамилесине өкүнүчүн билдирди. «Азаттыкка» берген интервьюсунда Осман Паксүт түрк аскерлеринин Иракты кайра курууга жардам берүүдөн башка максаты жок деп ырастады:

– Биз оккупациячыл күч болуп келбейбиз. Биз Ирактын Башкаруу кеңешинен ачык-айрым чакыруу болот деп үмүттөнгөн элек. Террордук чабуул эмес, (ирактыктардын) мамилеси көңүлүбүздү суутту.

Түркиянын парламенти жакында Ирактагы АКШ баштаган стабилдештирүү күчтөрүнө аскер кошуу планын жактырган. Мындан бир аптадан кийин белгисиз жанкечти Багдаддагы түрк элчилигине кол салып, алты кишини жарадар кылган эле. Ал эми Ирактын Башкаруу кеңеши мусулман өлкөлөрүнөн аскер жайгаштырууга каршы экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG