Түштүк Кореянын аскер булактары билдиргендей, Түндүк Корея бүгүн Жапон деңизинде жерден кемени атуучу ракетаны учурду. Түштүк Кореянын башкы штабынын маалымат кызматы ракета жыл сайын өтүүчү аскердик машыгуунун чегинде сыналганын билдирди. Ушул эле булакка караганда, Түндүк Корея быйыл ушуну менен үчүнчү жолу ракетасын сынап жатат.