Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Он күндөн бери Ош шаарына жаратылыш газы жеткиликтүү берилбей жатат


ОШ. Ош шаардык газ чарба ишканасы «Анжиян-Ош магистралдык газ түтүгүнүн 44-чакырымы бүтөлүп, оңдоп-тазалоого муктаж болуп жаткандыктан, 14-15-октябрда Ошто газ болбойт» деп алдын-ала эскерткен эле. Бирок газ басымы белгиленген күндөрдөн алда канча мурда, 10-октябрда эле кескин төмөндөгөн. 14-октябрдан 16-октябрга чейин газ таптакыр өчүрүлдү. 16-октябрдан баштап газ кайрадан бериле баштады, бирок ал чай кайнатып, тамак бышырганга жарабайт. Өзбекстан тарап газ Ошко кайсы күнү толук берилээрин, эмне үчүн газ басымы алигүнчө начар болуп жатканын кабарлап койгонго жараган эмес. Андыктан Ош газ чарба ишканасынын өкүлдөрү Өзбекстан тарап менен сүйлөшүп келгени бүгүн Ферганага жөнөп кетишти.

XS
SM
MD
LG