Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Жаңы Зеландиянын аскерлерин Кыргызстандын аймагына жайгаштыруу жөнүндөгү келишим ратификацияланган жок


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны Жаңы Зеландиянын аскерлерин Кыргызстандагы эл аралык «Ганси» аскер базасына жайгаштыруу тууралуу келишимди ратификациялоону белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырды. Буга бүгүнкү жыйынга тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун келбегени, депутаттардын «АКШ «Манас» аба майданын пайдаланганы үчүн канча каражат төлөдү, ал кимдин эсебине которулууда»? деген сыяктуу суроолору буга чейин жоопсуз калганы себеп болду. Жыйынга катышкан тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубековдун маалыматына караганда, Жаңы Зеландиянын аскерлери Кыргызстандын аймагында быйылкы жылдын июнь айынан сентябрына чейин болуп, өз мекенине учуп кетишти. Ошондой болсо да алардын Кыргызстандын аймагында болушун мыйзамдаштыруу зарыл. Мындан тышкары, бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны кылмышкерлерди өз ара өткөрүп берүү туурасында Кытай жана Иран менен түзүлгөн келишимдерди ратификациялады.

XS
SM
MD
LG