БИШКЕК. Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги өлкөнүн калкын ун менен камсыз кылуу, дан эгиндерин иштетүүнүн абалын иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Бүгүн комиссиянын алгачкы жыйынында ундун кескин кымбаттап кетишинин себебин иликтеп, калктын ун менен камсыз болушу тууралуу жума сайын маалымат берип туруу милдети коюлду. Анткени ун кескин кымбаттап, «калк ун менен толук камсыз болбой калышы мүмкүн» деген коркунуч пайда болгон. Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, октябрь айынын башында ундун баасы Казакстандын алынган эгиндин азайышына байланыштуу көтөрүлүп кеткен. Казакстан болсо өз буудайын кымбат баада дүйнөнүн 38 өлкөсүнө сатып, быйыл 7 ай ичинде 3 млн. 800 миң тонна дан экспорттогон. Ал эми быйыл Кыргызстандын өзүндө 1 млн. 180 миң тонна эгин жыйналды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 150 миң тоннага аз. Бирок, адистердин эсеби боюнча, аны элдин жан башына бөлө келгенде 160 килограммдан тийген ун аларды толук камсыздоого жетет.