Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюла тургандыгы маалым болду


БИШКЕК. 23-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келет. Ал Орусия баш болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун пайдалануусуна берилген «Кант» аба майданынын ачылыш аземине жана биргелешкен инвестициялык форумга катышат. В. Путиндин иш сапарында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин билдирди. Анын айтымында, бүрсүгүнү Бишкекте «Кыргызстан-Орусия» аттуу инвестициялык форум башталат. Форум «тегерек стол» түрүндө уюштурулуп, анда инвестиция жаатындагы жана отун-суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, маалымат байланышын жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо сыяктуу маселелер өз-өзүнчө талкууланат. Жыйынга Орусиянын вице-премьер министри Виктор Христенко жана Орусиянын айрым облустарынын губернаторлору катышат. Форумдун соңунда биргелешкен резолюция кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG