Сербиянын өкмөтү Гаагадагы эл аралык трибунал аскердий кылмыш жасагандардын тизмесине киргизген төрт генералдын экөөсүн жакын арада өткөрүп берүүгө ниеттенбейт. Ал генералдардын арасында Югославия армиясынын генштабынын мурдаы башчысы Небойша Папкович жана сербдердин коопсуздук кызматынын азыркы жетекчиси Сретен Лукич бар. Аларга 90-жылдары Косово чатагында косоволук албандарды массалык куугунтуктоого жана адам өлтүрүүгө катышы бардыгы үчүн айыптоодо. Сербиянын премьер-министри Зоран Живкович, Серб бийлиги Гаага трибуналынын издөөсүндөгү аскер кылмышкерлери Радован Каражич менен Ратко Младичти трибуналга өткөрүп берүүгө кызыкдар деп билдирди. Анын айтымында айыпталып жаткан эки генералдын иши Каражич менен Младич кармалганда гана жергиликтүү сотко тапшырылат.