Иракта АКШнын аскерлерине күтүлбөгөн кол салуудан дагы бир жоокер набыт болуп, бешөө жараат алды.
Багдаддын батышындагы Фаллужа шаарына жакын жерде сакчы аскерлерге карата ок атылган. Кечээ күнү Иракта мурдакы башкаруучу “Баас” партиясынын аттуу баштуу төрт мүчөсү колго түштү. Америка аскерлеринин кезектеги тыкат текшерүүсүндө шектүү 19 адам кармалды. Багдаддан алыс эмес жерде жана Тикрит шаарында курал жарак катылган жашыруун жер төлөөлөрдүн бир нечеси табылган.