Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

АКШнын президенти Жорж Буш менен Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен Түндүк Кореядагы өзөктүк иш чаралардан кооптонот


АКШнын президенти Жорж Буш менен Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен Түндүк Кореяны компромисске барууга чакырды.
Бангкокто өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышып жаткан эки өлкөнүн лидерлери дүйшөмбүдө сүйлөгөн сөздөрүндө АКШ Корея Элдик Демократиялык Республикасына кол салбайт деп билдирген.
Андан мурдараак Буш Кытай президенти Ху Цзиньтао менен жолуккан учурда Пхеньянга айрым коопсуздук кепилдиктерин сунуштаган. Бирок ал КЭДРдин кол салбоо тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюу жөнүндөгү талаптарын четке каккан.

XS
SM
MD
LG