БАТКЕН. Бүгүн облустук билим берүү башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, кыш мезгилинде мектептерге керектеле турган 7129 тонна көмүрдүн ушу тапта 36,4% же 2600 тоннасы гана ташылган. Көмүр кендери бар Сүлүктү жана Кызылкыя шаарларындагы мектептерде бул маселе боюнча талаш жок. Ал эми облустун башка райондорунун мектептерине көмүр ташуу жагынан абал оор. Өзгөчө Сүлүктү менен Кызылкыядан алыс жайгашкан Баткен районунун мектептерине зарыл болгон көмүрдүн 26% гана ташылган.