Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Карабуура районунун Чымкен айлында дыйкандардын нааразылык акциясы өткөрүлдү


ТАЛАС. Ага ушул жана кошуна айылдардан келишкен 200дөн ашуун дыйкандар катышты. Чогулган элдин койгон негизги талабы - төө буурчактын баасын көтөрүү болду. Анткени мындан мурдагы жылдарда килограммы 18-20 сомдон алынган төө буурчакты быйыл кызыл кулактар 10 сомдон ашырбай жатышат. Нааразы болгон эл төө буурчак рыногунда монополисттик абалды ээлөөгө аракеттенип жаткан түркиялык «Робин» фирмасынын иш-аракетине нааразы экенин айтышты. Алардын арыз-муңун укканы облустун губернатору Искендер Айдаралиев да келди. Талаш-тартыштардан кийин, Түркиянын биржасында төө буурчактын баасы канча экенин билип келиш үчүн коомчулуктун өкүлдөрүнөн атайын делегация жиберүү макулдашылды.

XS
SM
MD
LG