Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстандын агрардык реформасынын концепциясы даярдалды


БИШКЕК. Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги бүгүн өлкөнүн 2010-жылга чейинки агрардык саясатынын концепциясын талкуулаган «тегерек стол» жыйынын өткөрдү. Анда концепциянын долбоорун 15-ноябрга чейин аяктап, өкмөттүн кароосуна коюу тууралуу чечим кабыл алынды. Концепциянын долбоорун мал чарбасын, дыйканчылыкты өнүктүрүү, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана айыл чарбасына инвесторлорду тартуу боюнча иштеген жумушчу топ даярдаган. Аны талкуулоо учурунда Кыргызстанда агрардык-жер реформасы аяктагандыгы, эми тармакты Кыргызстандын Комплекстүү өнүгүү негиздерине ылайык өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. Концепцияга ылайык, мындан ары дан эгиндеринин аянттары азайтылып, түшүмдүүлүгү гектарына 50 центнерге чейин жогорулатылат. Мындан тышкары, продукцияны кайра иштетүү, айыл чарбасын кооперациялоо жана мал чарбасын өнүктүрүү, анын ичинде топоздун санын 60 миңге жеткирүү багыттары колго алынат.

XS
SM
MD
LG