Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

Аскар Акаев «Орусия менен Кыргызстандын аскердик-саясий жана аскердик-техникалык кызматташтыгы жалпы постсоветтик өлкөлөргө үлгү боло алат» деп билдирди


БИШКЕК. «Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы аскердик-саясий жана аскердик-техникалык кызматташтык жалпы постсоветтик өлкөлөргө үлгү болот». Президент Аскар Акаев бүгүн түштөн кийин «Кант» аба майданынын абалы менен таанышып чыккан соң орусиялык журналист менен маектешип жатып ушундай пикирин айтты. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз президенти өз сөзүндө «Кант» аба майданы абдан жакшы абалда жана пайдаланууга толук даяр экенин билдирген. «Кант» аба майданын Орусия баш болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берүү тууралуу келишимге быйыл 20-сентябрда Москвада кол коюлган. Авиабазанын ачылыш аземи бүрсүгүнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда боло турган иш сапарынын учурунда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG