Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Арафат дүйнө лидерлерин Израилдин палестиндерге каршы чабуулдарын токтотууга үндөдү


Палестинанын лидери эл аралык коомчулукка кайрылып, кечээ 10 палестиндин өмүрүн алган Израилдин аба соккуларына байланыштуу чукул аракеттер көрүүгө чакырды.
"Мен эл аралык коомчулукту, Бириккен улуттар уюмун, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык үчүн кам көрүп келаткан төртиликти, бардык мусулман өлкөлөрүн жана биздин досторубузду кырдаалга кийлигишип, бул акылсыз аскерий чабуулдарды токтотууга чакырам", - деди Арафат.
Өткөн түнкү Израилдин аба чабуулун Европа Биримдиги менен Орусиянын өкүлдөрү да айыпташты. Жөөт премьеринин кеңешчиси Доре Голд кечээки чабуул Нахал Оз аттуу жөөт кыштагына кол салып, ири террордук акт жасамакчы болгон палестиндердин жүк ташуучу машинесин жок кылуу максатында жасалганын белгиледи. Анын алдында буктурмадагы кол салуудан үч жөөт аскери курман болуп, Газа секторунан Израилди көздөй 8 жасалма ракета кое берилген.

XS
SM
MD
LG