Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Укук коргоочулар катардагы ирактыктардын өлүмүн иликтөө иштерине нааразы


Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch уюму Пентагон Иракта АКШлык аскерлердин огунан набыт болгон катардагы атуулдардын өлүмү боюнча тергөө иштерин ойдогудай жүргүзгөн жок деп эсептейт. Укук коргоочу уюм өз билдирүүсүндө 1-майдан бери Ирактын 20 атуулу америкалык аскерлердин колунан өлүм тапканын тастыктаган. Багдадда бүгүн полиция итке жыттатып, мусулман аялдан баңгизат издегенине нааразылык билдирип чогулган адамдарды таратыш үчүн асманга ок ачууга аргасыз болду. Багдаддын түндүк тарабында мунайды кайра иштетүү заводу менен электр станция белгисиз себептерден улам өрттөнүп жатканы кабарланды. Кербала калаасында коалициялык күчтөр радикал шийилердин лидери Моктада Садрдын шериктери деген шек боюнча бир нече адамды камакка алышты.

XS
SM
MD
LG