Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити аяктады


Бангкоктогу саммит террорчулуктун мизин кайтаруу жана Корей жарым аралын бейөзөктүк аймакка айландыруу пландарын кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу документти окуп жатып, Таиланддын премьер-министри Таксин Шинаватра уюмга мүчө 21 мамлекеттин жетекчилери ушул эки маселени келечек үчүн башкы коркунучтар катары бөлүп көрсөтүшкөнүн белгиледи.
"Эл аралык террорчулук менен массалык кыргын салуучу куралдын жайылышы эркин, ачык жана бакубат келечектин башкы душмандарына айланды", - деди Таиланддын өкмөт башчысы.
Ал Бангкоктогу жыйынга чогулган лидерлер террорчулук менен курал-жарак аткезчилигине каршы күрөшүү, чөлкөмдөгү соода жана инвестиция тармактарын либералдаштырууну макулдашканын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG