Бул тууралуу Ирандын Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Хасан Ровхани бүгүн Тегеранда Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуунун соңунда жарыялады. Ал Иран аталган чараларды камтыган кошумча протоколго 20-ноябрда кол коюшу мүмкүн деп кошумчалай кетти. Тегерандагы жолугушуу – Бириккен Улуттар Уюму 31-октябрга чейин Иран өзөктүк куралы жок экенин далилдеп бериши керектигине берген мөөнөт аяктап баратканына байланыштуу уюшулган. Дипломаттардын айтымында, Европалык үч министр Тегеранга айрым пайдалуу сунуштарды ала барышкан, алар кечирээк Ирандын президенти Мохаммад Хатами менен жолугушат.
Иран өзүнүн байытылган уранга байланыштуу программасын токтото турууга жана өлкөдөгү шектүү жайларды дыкат текшертүүгө макул болду