Улутчулдар менен консерваторлордун айтымында, премьер-министр Зоран Живковичтин кабинети коррупцияланып кетти жана өлкөнү башкара албай калды.Социалисттер болсо Живкович менен анын саясий санаалаштарын өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын сатты деп айыпташат. Мындан тышкары парламенттин спикери жана президенттин милдетин аткаруучу Наташа Мичичке ишеним көрсөтүү маселеси да каралат. Бул маселеге экс-президент Коштуницанын демократиялык партиясы демилгечи болду.