Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Иран кошумча протоколго кол коюу маселесин парламентке коет


Президент Мохаммад Хатами ырастагандай, протоколдун тексти боюнча талкуу-таңаштар уланып жатат. Ошол эле учурда Хатами Иран документке качан кол коерун так айта алган жок. Ирандын соңку отуз жыл ичиндеги атомдук сынак-тажрыйбалары тууралуу бардык документация бүгүн МАГАТЭге берилет. Тегеран бийликтери кечээ Иран ядролук куралдарды таркатпоо жөнүндөгү келишимдин алкагында кошумча протоколго кол коет, уран байытуу иштерин токтотот жана атомдук ишканаларын кеңири инспекциядан өткөргөнгө МАГАТЭнин эксперттерине уруксат берет деп билдиришкен эле. Бул жаңылыкты АКШнын президенти Жорж Буш куш кабарга жоруду. Ирандыктар, сыягы, эркин дүйнөнүн талабын кабыл алышкан сыяктанат, эми алар бул талапты кабыл алганын дилилдөөгө тийиш деп билдирди америкалык президент. Россиянын президенти Владимир Путин да эгер Тегеран өз убадасын аткарса, атомдук энергетика тармагында Москва Иран менен кызматташтыгын уланта тургандыгын айткан эле.

XS
SM
MD
LG