Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Баткен облусунун Миңөрүк айлында коңшулаш кыргыз жана тажик айылдарынын «Бизди түшүм бириктирет» аттуу достук жолугушуусу өттү


БАТКЕН. Бул жолугушуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) колдоосунда, «Фергана өрөөнүнүн чек ара аймактарында иш жүргүзүп жаткан жамааттардын тынчтык демилгелери» аттуу долбоордун алкагында өттү. Ага Баткендин Миңөрүк, Миңбулак айылдарынын жана Тажикстандын коңшулаш Сурх айылынын өкүлдөрү, эки тараптагы жергиликтүү бийлик башчылары катышты. Алар бир дастаркондо отуруп, өз ара пикир алышып, аны эки элдин ыр-бийлери коштоду. Иш-чаранын учурунда жогоруда аты аталган долбоордун менеджери Марк Голденбаум Миңөрүк айылындагы башталгыч мектептин окуучуларына кыргыз тилиндеги 135 даана окуу китебин тапшырды. Бул жолугушуу негизинен кошуна эки элдин ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдап, улут аралык чыр-чатактардын алдын алуу максатын көздөйт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG