БИШКЕК. Соңку эки жылда Кыргызстандагы жаза өтөөчү мекемелерде атуулдар үчүн түзүлгөн шарттар бир кыйла жакшырды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Владимир Носов «Кыргызинфо» агенттигине билдирген. Анын айтымында, быйылкы жылга чейин мамлекеттик бюджеттен жаза өтөөчү жайлардагы ар бир атуулга бир күнгө 10 сом бөлүнсө, быйылтан тартып анын өлчөмү 19 сомго көбөйтүлдү. В.Носовдун сөзүнө караганда, мындай суммадагы акча бүгүнкү күнү түрмөдө отургандарды тамак-аш менен камсыз кылууга толук жетет. Азыркы учурда Кыргызстанда 17300 киши ар кандай себептер менен түрмөлөрдө отурушат.