Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Германиялык окумуштуу кыргызстандыктардын өлүктөрү мыйзам чегинде алынганын жарыялады


БИШКЕК. Өлүктөрдү пластинациялоо ыкмасын негиздеген германиялык окумуштуу Гюнтер фон Хагенс бүгүн Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Ал «адамдын денесинин көргөзмөсүнө Кыргызстандын атуулдарынын өлүктөрү колдонулган» деген маалыматты жокко чыгарды. Анын айтымында, көргөзмөдө өз денесин ыктыярдуу тапшырган адамдардын өлүктөрү гана колдонулган. Доктор фон Хагенс, мындан тышкары, «Кыргызстан менен Орусиядан өлүктөр мыйзамсыз алынган» деген маалыматты жокко чыгарып, алардын мыйзамдуу жол менен гана келишине катуу көз салганын, Кыргызстандагы өнөктөшү Валерий Габитовдун ишинде күмөн пайда болоору менен аны менен кызматташуудан 2001-жылы баш тартканын жана бул чатакты депутат Акбөкөн Таштанбеков жеке өзүнө пайда табыш үчүн гана козгогонун билдирди. Доктор фон Хагенс Кыргызстанда адам өлүктөрүн пластинациялоо боюнча борбор ачуу эми бүрсүгүнү өтө турган парламенттик-коомдук талкуунун чечимине байланыштуу болоорун да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG