Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Түркиянын өкмөт башчысы Бишкекте президент А.Акаев менен жолугушту


БИШКЕК. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары уланууда. Бүгүн аны президент Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушуу учурунда Аскар Акаев Режеп Таип Эрдаганды кыргыз элинин атынан Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы менен куттуктап, өткөөл мезгилде Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди. Ал эми Р. Т. Эрдоган өз сөзүндө келерки жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн. долларга чейин жеткирүү ниетин ортого салды. Ушул эле күнү Түркиянын өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары менен жолугушту. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы менен жолугушуу учурунда ал палатанын жетекчиси Алтай Бөрүбаевди Түркияга расмий иш сапары менен келүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG