Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

АКШны Азербайжандагы саясий жагдай кабатырлантат


Вашингтондун расмий өкүлү Азербайжандагы президенттик шайлоодон кийин өткөн Бакудагы демонстрациянын катышуучулары камакка алынганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу шаршембиде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж Азербайжандын жаңыдан шайланган президенти Илхам Алиевге телефон аркылуу маалымдады. Азербайжандын ички иштер министрлиги Бакудагы нааразылык акцияларына катышкан 60тан ашуун адам камакка алынганын кабарлаган. Демонстрация болгон күнү бардыгы 400дөй адам кармалып, бир киши полиция менен кагылышуудан жантаслим болуп, ондогон кишилер жараат алышкан. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана АКШ Азербайжандагы президенттик шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өткөн жок деген көз карашта.

XS
SM
MD
LG