БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Орусиянын президенти Владимир Путин бир күндүк иш сапары менен келип кетти. «Манас» аба майданынан аны Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев тосуп алды. Ушул эле күнү эки өлкөнүн президенттери Орусия баш болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берилген «Кант» аба майданынын ачылыш аземине катышышты. Орусиялык учкучтар Су-25 жана Су-27 учактары менен абага көтөрүлүшүп, аземдин катышуучуларына аскердик учактардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Андан соң эки өлкөнүн президенттери авиабазанын ачылышына байланыштуу сөз сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Президент Аскар Акаев Кыргызстан өзүн Орусиянын региондогу саясий базасы катары санай тургандыгын билдирди. Эки президент тең Кантка аскердик база былтыр декабрда Бишкекте кол коюлган «Коопсуздук багытындагы кызматташтык жөнүндөгү» келишимге жана быйыл 22-сентябрда Москвада кол коюлган ««Кант» аба майданын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун пайдалануусуна берүү» тууралуу макулдашууга ылайык жайгашканын белгилешти.
Президент В. Путиндин айтымында, Орусиянын аскердик базасы региондогу, ириде Кыргызстандагы коопсуздукту сактайт жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмун чыңдайт. Анын пикирине караганда, «Кант» жана «Ганси» аскердик авиабазалары бири-бирине тоскоолдук кылбайт. «Бир база экинчисин толуктайт. Биз америкалык өнөктөштөрүбүз менен кошо терроризмге каршы күрөштө бул жерде деле эл аралык деңгээлде кызматташтыгыбызды натыйжалуу улантаарыбызга толук ишенем», -деди В. Путин.
Кыргызстандын президенти болсо «Кант» авиабазасы туруктуу жайгашкандыгы менен «Ганси» авиабазасынан айырмаланаарын белгиледи. В. Путин өз сөзүндө аскердик базаны жайгаштыруу боюнча демилге көтөргөнү, анын даярдыгын ыкчам бүтүрүүгө жардамдашканы үчүн президент Аскар Акаевге ыраазычылык билдирди. Орус президентинин баамында, аскердик авиабаза өтө ыңгайлуу жерде жайгашты жана аба майданын өнүктүрүү, инфраструктурасын кеңитүү жагынан мүмкүнчүлүгү чоң.
Ушул эле күнү Бишкекте, Өкмөт Үйүндө эки өлкөнүн президенттери жекеме-жеке жолугушуп, пикир алмашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуу учурунда Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты, коопсуздук жана маданий-гуманитардык багыттагы байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду. Жолугушуудан соң эки өлкөнүн президенттери «Аскердик продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо өз ара биргелешип аракеттенүү тууралуу Орусия өкмөтү менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы келишимге» жана «Орусиянын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуусу тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн аякташы жөнүндөгү протоколго» кол коюу аземине катышты.
Президент В. Путин Өкмөт Үйүндө ушул эле күнү Кыргызстандын өнөр жана маданият ишмерлерине Орусиянын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды. Орусиянын «Достук» аттуу орденине «Мээрим» фондунун төрайымы, Кыргызстандын биринчи айымы Майрам Акаева, «Литературная газетанын» башкы редактору, акын Светлана Суслова, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, акын Вячеслав Шаповалов жана Бишкектеги хореографиялык окуу жайдын директору Рейна Чокоева ээ болушту. Ал эми Орус драма театрынын көркөм жетекчиси жана башкы директору Андрей Петуховго «Орусиянын эмгек сиңирген артисти» деген наам ыйгарылды.
В. Путиндин Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттери Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан-Орусия» аттуу инвестициялык форумга катышты. Форумдун жүрүшүндө жалпы суммасы 14 млн. доллардык эки тараптуу инвестициялык документтерге кол коюлду. Мындай макулдашуулар буга чейин Орусия Кыргызстандын экономикасына кошкон инвестиянын өлчөмүн эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу форумда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын президенти Аскар Акаев билдирди. Ал эми форумдун жүрүшүндө түзүлгөн эки тараптуу макулдашууга ылайык Бишкектеги «Айнур» заводунун 40% акциясы Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызына бааланып берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Равшан Жээнбеков кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстандын Орусияга карызын төлөөгө Бишкектеги машина куруучу жана «Дастан» заводдорун Орусияга берүү пландаштырылууда.
Ушул эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага жөнөп кетти.