Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Британиянын маркум каныкеси Диананын өлүмүнө байланыштуу үч француз фотосүрөтчү сот жообуна тартылат


ПАРИЖ. Британиянын маркум каныкеси Диананын өлүмүнө байланыштуу үч француз фотосүрөтчү сот жообуна тартылат. Эртең баштала турган сот иши бул трагедиялуу окуяга байланыштуу болуп жаткан эң алгачкы процесс. Үчөө тең ушул эле окуяга байланыштуу "адамдардын өлүмүнө эрксизден себепкер болгон жана өлүм алдында жаткан кишилерге жардам берген эмес" деген кине менен тергөөгө алынган. Азыр аларга адамдардын жеке турмушуна кийлигишкен деген күнөө коюлууда жана эгерде айыбы мойнуна коюлса алар бир жылга эркинен ажыратылып, 45 миң еврого айыпка тартылат. 1997-жылы Британиянын Канзаадасы Чарлздын мурдагы жубайы Диана, көңүлдөшү ал-Фаед жана шоферу Хенри Пол менен машинеде ылдам кетип баратып, кырсыкка учурап, курман болушкан. Аларды кырсык болоор алдында фоторепортерлор кубалап баратышкан болчу.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG