БЕЛГРАД. Сербия Югослав армиясынын мурдагы офицери Владимир Ковачичти эл аралык аскердик трибуналга өткөрүп берди.Трибунал улуту черногор Ковачичти 1990чу жылдарда Балканда болгон согуш учурунда аскердик мыйзамдарды бузган, деп айыптоодо. 1991-жылы Ковачич Хорватиянын тарыхый шаары Дубровникти аткылоого катышкан, 43 карапайым кишинин өлүмүнө себепкер болгон, карапайым кишилерге зомбулук мамиле кылган деп айыпталат.