Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Кытай парламентинин жетекчиси Түндүк Кореяга визит менен барат


БЭЭЖИН. Кытай парламентинин жетекчиси Түндүк Кореяга визит менен барат. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин айтымында, Ву Багуонун келээрки шаршембиге пландаштырылган расмий визити үч күнгө созулат. Бирок министрликтин өкүлү Пхеньянда эмнелер жөнүндө сөз боло турганын билдирген жок. Визит Пхеньян менен Вашингтондун Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча келишпөөчүлүктөрү курчуп турган убакытка туш келүүдө. АКШ Түндүк Корея, бери дегенде, бир өзөктүк курал жасап чыгарганын божомолдойт. Түндүк Корея болсо өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоодон мурда АКШдан "Биринчи болуп катылбоо" келишимине кол койуусун талап кылууда. Кытай Түндүк Корея менен алакалашууда маанилүү арачы деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG