Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Испаниянын соту “ал-Жазира” телеканалынын журналистин күрөөгө бошотту


МАДРИД. Испаниянын соту “ал-Жазира” телеканалынын “ал-Кайида” террордук уюму менен байланышы бар деп айыпталган журналистин күрөөгө бошотту. Тайсиир Алоуни ушул айдын башында “ал-Кайида” тобун акча менен камсыз кылып, топко жалданма аскер болууга үгүттөгөн деген шек менен камалган. Ал ден соолук ахвалына байланыштуу жети миң доллар күрөө менен бошотулду. Алоуни 11-сентябрдагы террордук чабуулга удаа Осама Бин Ладенден интервью алып, атагы чыккан.

XS
SM
MD
LG