Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Ооганстанда Талип согушкерлери менен «ал-Кайида» террорчуларын жок кылуу операциясы жүргүзүлүүдө

КАНДАГАР. АКШ менен Ооганстандын аскерлерлери талип менен «ал-Кайида» террорчуларын жок кылуу операциясын ишке ашырып жатышат. Ооганстандын аскердик командачылыгы бул операцияга танктар менен аскердик учактардын коштоосунда бир миңден ашык жоокер катышып жатканын билдирди, бирок операциянын майда-чүйдөсү жөнүндө кабарлабады. Ал эми АКШнын аскердик командачылыгы операциялар Шинкай, Архандаб жана Дай Чопан деген жерде ишке ашырылганын гана кошумчалады. Ооган тарабы операция мындан 6 күн мурда башталганын кабарлаган.
​
XS
SM
MD
LG