Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн Кыргызстанда Россиянын аскердик базасын ачты


БИШКЕК. Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн Кыргызстанда Россиянын аскердик базасын ачты. Базаны ачуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Путин бул убактылуу, бирок өтө зарыл чара экенин белгиледи. Бишкектен 20 чакырым чыгышыраак жайгашкан аскердик база, Америка баштаган антитеррордук коалициянын Манас аэропортунда жайгашкан авибазасынан 40 чакырым жерде орун алган. Россиянын аскердик базасы курамына Россия, Беларусь, Армения, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан кирген Коопсуздук жана Кызыматташтык Келишими уюмунун алкагында орнотулууда. Аскердик базага Россия командачылык кылат жана расмий билдирүүлөрдө айтылгандай, база террорчулукка каршы күрөшүү максатын көздөйт.
- База Кыргызстандын коопсуздугун жана жалпы эле региондун коопсуздугун камсыз кылат. Бул чоң регион, мында аскердик базанын ачылышы Россия федерациясынын өзүндө да террорчулукка каршы күрөшкөнгө ыңтайлуу шарт түзөт, - деп билдирди Путин.
Ал ошондой эле ачылуу аземине катышкан кыргыз мамлекет башчысы Аскар Акаевге ыраазычылыгын билдирди. Орус жана Кыргыз тараптарынын расмий маалыматы боюнча, Канттагы базада Су 27 жана Су 25 үлгүсүндөгү 10 учак жайгаштырылып, жарым миң солдат кызмат өтөйт. Ушул эле күнү президенти Путин Кыргыз-Орус инвестициялык форумуна катышты.

XS
SM
MD
LG