Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08

Ирандын өзөктүк тармактагы ишмердигин камтыган документтер изилдене баштады


Бейшембиде Иран өзүнүн өзөктүк иликтөө иштерине байланыштуу документтерин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке тапшырган. Эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохамед эл-Барадейи документтерди анын колуна тапшырган ирандык элчи Али Акбар Салехи аларда Ирандын атомдук иликтөө багытындагы бардык аракеттери камтылганын белгилегенине көңүл бурду. "Иран өзүнүн бул багыттагы ишмердиги тууралуу ачык маалымат берүүнү туура тапты жана Тегерандын өкүлү мени бул баары-жогу камтылган өтө дыкат жана кынтыксыз документ деп ишендире кетти", - деди Улуттар Уюмуна караштуу мекеменин жетекчиси. Ал башкарган Атомдук энергия боюнча агенттик Ирандан өзөктүк курал даярдоо ниети жок экенин 31-октябрга дейре далилдеп берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG