Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Аджарияда ири демонстрация болуп, полиция аны күч менен таратты


Грузиянын курамындагы Аджариянын борбору Батуми шаарында кечээ кечинде демонстрация болуп, полиция аны күч менен таратты. Улуттук кыймылдын мүчөлөрү Аджариянын президенти Аслан Абашидзенин үйүнө барууга аракеттенген жана кагылышуу учурунда бир нече адам жараат алды. Оор жараат менен Республикалык партиянын төрагасы Давид Бердзенишвили дагы ооруканага жаткырылды. 2-ноябрда Грузияда парламенттик шайлоо өткөрүлөт, Абашидзе болсо Грузиянын эң ири саясий уюму - Кайра жаралуу партиясын жетектейт.

XS
SM
MD
LG