Өзбекстандын укук коргоочулары бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн батыш аймактарында жайгашкан "Жашлык" абагында жакында толкундоо болуп, аны басуу үчүн аскер чакырылган. Ал түрмөдө диний ишеними үчүн эркинен ажыратылган бир топ адам отурат жана алар өкмөттүк катуу чаараларга каршылык иретинде ачкачылык да жарыялаган. Абакка барып келген Назима Абдуллаеванын айтымында, кайтаруучулар камактагыларды сабап-кыйнайт жана аны ачык эле укса болот.