Европа парламенти кечээ күнү Түркмөнстан жана жалпы эле Борбор Азиядагы абалды талкуулап, аймакта адам укуктарынын бузулушуна кеңири жол ачылганы тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Түркмөн жетекчилигине кайрылып, Европарламент аны адам укуктарын урматтоого чакырды. Казакстанда Мухтар Аблязов бошотулганын кубаттаганы менен, Европа парламенти башка саясий туткундардын - Казакстанда Галимжан Жакиянов менен Сергей Дувановдун, Кыргызстанда Феликс Куловдун, Өзбекстанда Мухаммад Бекжановдун эч кандай шартсыз бошотулушун күтөт.