Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Маскөөдө Орусия менен Украинанын премьер-министрлери жолукту


Орусия менен Украина премьер-министрлери Михаил Касьянов жана Виктор Янукович бүгүн Маскөөдө жолугуп, Азов дарыясындагы дамба курулушунан чыккан маселелерди талкуулады. Орусия мурда Керч кысыгында дамба куруп, ал украиналык Тузла аралына жакындап калган жана Киевдин каршылыгынан улам курулуш 23-октябрда убактылуу токтотулган. Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев Тузла аралы Орусияга таандык деп жарыялаган. Касьяновдун айтымында, орус тарап курулушту токтотот, Украйна болсо өз аскерлерин чек ара аймагынан чыгарып кетет.

XS
SM
MD
LG