Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Донорлор Иракка жардам бөлө баштады


Мадрид конференциясында Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн Жапания 5 миллиард доллар салым кошоору тууралуу бүгүн жарыялады. Эл аралык валюта кору 4 миллиард 250 миллион, Дүйнөлүк банк үчтөн беш миллиардка чейин, Сауд Арабия бир миллиард доллар бөлө турганы жөнүндө билдирди. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн конференцияда дагы кошумча кошууга чакырды: "Ийгиликке жетүү үчүн убакыт талаптуу жана биз баарыбыз катуу иштеш керекпиз. Кыйың кезеңди башынан кечирип жаткан Ирак эли биздин жардамыбызды жана айкөлдүгүбүздү унутпайт".

XS
SM
MD
LG