Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш планы иликтенип бүттү


БИШКЕК. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш планын иликтөөчү экспертик топ өз ишин жыйынтыктады жана жакын арада анын отчетуна кол коюлат. Бул тууралуу «Азаттыкка» транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, жолдун мүмкүнчүлүгүн иликтөө иштерине Кыргызстан 5 млн. сом, ал эми Кытай 2,5 млн. доллар чыгымдады. Талдоонун негизинде техника-экономикалык негиздер иштелип чыкса, жолдун курулушу башталат. Бул жолдун курулушуна болжол менен 850 млн. доллардан 1 млрд. долларга чейинки каражат чыгымдалат.

XS
SM
MD
LG