Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Европарламент Кыргызстандын жетекчилигин Ф.Куловду түрмөдөн бошотууга чакырды


БИШКЕК. Европа парламенти Кыргызстандын жетекчилигин «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловду тез аранын ичинде түрмөдөн бошотууга чакырат. Бул тууралуу Европарламенттин кечээ кабыл алынган резолюциясында жазылган. Европарламент Түркмөнстандагы жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маселени карады. Жыйын соңунда бул аймактын өлкөлөрүндөгү адам укуктары боюнча резолюция кабыл алынды. Резолюцияда айрыкча Түркмөнстанда адам укуктары өзгөчө бузулганы белгиленди. Европарламент Түркмөнстандын жетекчилигин оппозиция өкүлдөрүнө болгон кысымды токтотууну талап кылган. Мындан тышкары, Европарламент Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жетекчилерин да бул өлкөлөрдөгү саясий туткундарды түрмөдөн бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG