Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

Чехияда дискотекада чыккан өрттөн бир киши курман болду


ПРАГА. Өткөн түнү Чехиянын дискотекаларынын биринде өрт чыгып, андан 1 өспүрүм курман болуп, дагы 45 киши жараат алды. Жабыркагандардын көбү көңүл ачуу үчүн келген жаштар болгон. Полициянын өкүлү өрт түнкү саат 3:30 - 4:30дун аралыгында Польшанын чек арасына жакын жайгашкан Карвина деген жерде болгондугун билдирет. Өрттүн себеби иликтенүүдө. ЧТК кабар агенттиги дискотекада бир эле эшик ачык болгонун жана өрт чыккан учурда имаратта 100гө жакын киши болгондугун билдирет.

XS
SM
MD
LG