Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Пхеньян АКШнын сунуштарын карап чыкканга даяр экенин билдирди


СЕУЛ. Түндүк Кореянын Тышкы Иштер министрлиги анын өлкөсү АКШнын президенти Жордж Буштун сунуштарын карап чыкканга даяр экенин билдирди. Ушул жумада Буш АКШ, Түштүк Корея, Жапония, Россия жана Кытай Түндүк Кореяга кол салбай тургандыктарын жазуу жүзүндө кепилдей алышаарын, бирок ал үчүн Пхеньян өзөктүк курал чыгаруу программасынан баш тартууга тийиш экенин билдирген. Түндүк Корея алгач бул сунушту четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG