Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Израилдик аскерлер Иордандын батыш жээгинде эки шектүү палестинди камакка алышты


НАБЛУС. Иордандын батыш жээгиндеги ооруканаларда рейд өткөрүшкөн израилдик аскерлер эки шектүү палестинди камакка алышты. Рейддин жүрүшүндө Хамас согушкер тобунун ооруканада жаткан мүчөсү Халед Абу Хамад кармалып, Израилдин ооруканасына жеткирилди. Өткөн жумада Хамад жана анын эки шериги бомба салынган машинени айдап баратып, жарылып кетишкен. Жараат алган палестиндердин бирөө каза болгон. Рейддин жүрүшүндө, ошондой эле, Наблустун башка бир ооруканасында жашынган палестин согушкер кармалды. Израилдик бийликтер согушкерлер ооруканада баш бааналоону адат кылып алышканын, ошондуктан мындай рейддер улана турганын билдиришет. Ал эми Палестин Автономиясынын расмий өкүлү Саеб Эрекат мындай рейддер эл аралык мыйзамдарга кайчы келэээрин айтты.

XS
SM
MD
LG