КУНДУЗ. Германиянын 27 жоокерден турган алгачкы бейпилдик тобу бүгүн Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарына келди. Кабарларга караганда, Кундузда баары болуп, 450 германиялык солдат жайгаштырылат. Немис аскерлеринин өкүлү полковник Курт Шииболд мындай дейт: "Биздин негизги максат ооган коопсуздук күчтөрү менен бирдикте ооган атуулдары, Улуттар Уюмунун кызматкерлери менен башка эл аралык уюмдардын жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылуу. Биз ошондой эле чарбаны калыбына келтирүү менен гуманитардык жардам көрсөтүү ишин аткарабыз. Тилегибиз- ишибизди аткарган соң мекенибизге аман-эсен кайтуу."