Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Иракта аткылоого дуушар болгон америкалык тик учак кыйрап калды


БАГДАД. Ирактын Тикрит шаарынын жанында бир аскердик тик учак аткылоого дуушар болуп, кулап түштү. Күбөлөрдүн айтымында, учак жерге кулап түшөөрү менен өрттөнө баштаган жана андан, бери дегенде, бир учкучтун жараат алгандыгы божомолдонууда. Америкалык аскердик өкүл капитан Жефферсон Вулфтун айтымында, окуя кылдат иликтенүүдө. Британиянын аскердик өкүлдөрү Басра шаарынын айланасында бомба жасап чыгарган эки жашыруун ишкана табылганын жана ага байланышы бар деп шектелген адамдар камакка алынганын билдирди. Бирок канча киши камакка алынганы маалымдалбады. Кечээ Ирактын Амара шаарында мечиттин жанынан бирөөлөр Ирактын полиция кызматкерин атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG