Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

Баткен мамлекеттик университетинин кассасынан 240 миң сом уурдалды


БАТКЕН. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Акбаевден 25-октябрда алынган маалыматка караганда, ушул жуманын шейшенбисинен шаршенбиге караган түнү белгисиз бирөөлөр окуу жайдын башкы имаратынын биринчи кабатында акча турган бөлмөгө киришип, сейфтин эшигин талкалап, 240 миң сом акчаны уурдап кетишкен. Окуу жайдын күзөтчүсү мындай окуя болгонун таңкы саат алтыда байкаган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Азырынча укук коргоо органдары тарабынан эч ким кармала элек.


Кабарлар топтомун Бишкектен - Бурулкан Турдубек кызы жана Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG