Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Жалалабадда жаштардын төрт тилдүү гезити жарык көрдү


ЖАЛАЛАБАД. Кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдеринде жарыкка чыккан жаштардын газетасы «Студполис» деп аталат. Ал облустук басмаканада 1000 нускада чыгып, негиздөөчү жаштар тарабынан сатыла баштады. «Студполистин» алгачкы саны облустагы жаштар менен студенттердин билим алуудагы ийгилик кемчиликтерине, жашоо-турмушундагы көйгөйлөрүнө арналды. Мындан тышкары газета Жалалабад мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн студенттеринин калемин көнүктүрүүнү да көздөйт. Басылма өзүн-өзү актоо ыкмасы менен чыга баштады.

XS
SM
MD
LG