Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Жогорку Кеңештин депутаты Германиялык окумуштуу Гунтер фон Хагенсти сотко берүүгө ниеттенүүдө


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков жаңырган апта башында «кадыр-баркыма жана ар-намысыма шек келтирди» деп Германиянын Гейдельберг унверститетинин Пластинация борборунун жетекчиси, профессор Гунтер фон Хагенсти жана «Агым», «Слово Кыргызстана», «Комсомольская правда в Кыргызстане» гезиттерин сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу депутат Акбөкөн Таштанбеков ишемби күнү «Азаттык» радиосуна билдирди. Депутаттын сотко кайрылышына учурда Кыргызстанда жүргөн германиялык окмуштуунун колунда далили жок туруп, аны парламентте сүйлөгөн сөзүндө жана гезиттер аркылуу айыпташы себеп болгон. Эске сала кетүүчү нерсе, Гунтер фон Гагенс 22-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп Таштанбековду «өз кызыкчылыгына пайда табууну көздөөдө» деп айыптаган. 24-октябрда болсо парламентте сүйлөгөн сөзүндө депутатты «профессионал алдамчы» деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG