Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

КМШнын атайын кызматтары Бишкекте чогулушат


БИШКЕК. 28-октябрда Бишкекте Шериктеш мамлекеттердин атайын жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 15-отуруму ишин баштайт. Бул тууралуу жума күнү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты. Үч күнгө белгиленген жыйында аскердик-техникалык тармакты өркүндөтүү, коопсуздукту сактоо максатында кызматташуу, бажы мыйзамдарын бузууга каршы көзөмөлдү күчөтүү маселелери талкууланат. Мындан тышкары, күн тартибинде кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү тууралуу 2003-2004-жылдар үчүн түзүлгөн программанын аткарылышы, кылмыштуу жол менен табылган материалдык баалуулуктарга каршы биргелешип күрөшүү өңдүү маселелер да бар. КМШ мамлекеттеринин атайын жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилер кеңешинин отуруму Бишкекте экинчи ирет өткөнү турат. Мурдагысы биринчи жолу 1998-жылы өткөн.

XS
SM
MD
LG